Бишкектеги мектептерде ОРВИ жана сасык тумоонун өсүшүнө карабастан массалык карантин болбойт. Чектөөлөр санитардык кызматтардын предписанияна жараша гана локалдуу киргизилет.
Шаарда мектептер күн сайын мониторингден өтөт. Зарыл болсо, Гигиена жана эпидемиология борбору предписание берип, айрым класстар же топтор карантинге жөнөтүлөт.
Мэрия ата-энелерди балдардын саламаттыгына көңүл бурууга жана оорунун белгилери бар окуучуларды мектепке жибербөөгө чакырат.

