Бишкек шаарынын чет жакасындагы Орок айылында курулуп жаткан жаңы стадиондун аталышы өзгөртүлүп, «Бишкек Арена» деген ат берилди. Бул тууралуу президенттин иш башкаруучусу Каныбек Туманбаев Фейсбуктагы баракчасында билдирди.
«Башында стадиондун аталышы «Азаттык Арена» деп бекитилген болчу. Бирок урматтуу президентибиз Садыр Нургожоевич калктын пикирин эске алып, жыйын өткөрүп, көпчүлүк элдин каалоосу менен жаңы аталыш «Бишкек Арена» деп расмий түрдө өзгөртүлдү. Бул — борбор шаарыбыздын өсүшүн, биримдигин жана жаңы тарыхый доорго кадам таштаган Кыргызстанды билдирген чоң символ», — деп жазды ал.
Туманбаевдин айтымында, курулуш 2026-жылдын август айында аяктап, ишке берилет.
Курулуп жаткан жаңы стадионго “Азаттык арена” деген аталыш берилгенин президенттин иш башкаруучусу өзү быйыл октябрда кабарлаган эле.

