№13 округ боюнча добуш берүүнүн жыйынтыгы жокко чыкты


2025-жылдын 30-ноябрында болуп өткөн Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоодо №13 шайлоо округу боюнча добуш берүүнүн жыйынтыктары жокко чыгарылды. Бул тууралуу чечим бүгүн, 3-декабрда БШКнын жыйынында кабыл алынды.

Боршайком кабыл алган Токтомго ылайык, 13-округдан шайлоого катышкан талапкерлер кийинки шайлоого катыша албасы, ал эми чечимге каршылар сотко арызданса боло турганы белгиленди.

БШКнын жыйынында шайлоо процессин уюштуруу бөлүмүнүн башчысы Мээрим Кожокеева шайлоо күнү 35 шайлоо участогундагы мыйзам бузуулар болгонун айтып видеослайддарды көрсөткөн.

«Парламентке талапкерлердин өкүлдөрү болгон байкоочулар добуш берүүнү көзөмөлдөө үчүн 35 шайлоо участогуна камера орнотуп, добуш берүү принциптерин бузгандыгы аныкталды. Үгүтчүлөр ар бир адамдын кандай добуш бергенин көрүү үчүн бүтүндөй добуш берүү процессин көзөмөлдөп турушкан. Байкоочулар белгиленген жерде отурушу керек, бирок алар тыюу салынган жерге камераларды орнотуу менен мыйзамды бузушту», — дейт ал.

Эске салсак, шайлоо күнү №13 округдун добушканаларынын биринде үкөктүн так үстүнө телефонду илип, добуш бергендерди камерага тартып жатканы, аны уюштургандар талапкер Бакыт Сыдыковдун өкүлдөрү экени айтылган.