Бир жумада КРВИ жана сасык тумоонун 37 миңден ашык учуру катталды


Республика боюнча жылдын 48-жумасында (24-30-ноябрь) курч респиратордук вирустук инфекциянын (КРВИ) жана сасык тумоонун 37 068 учуру катталды.

Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришкендей, бул өткөн жумадагы көрсөткүчтөн 2,5 эсеге көп.

Бейтаптардын арасында 14 жашка чейинки балдар 73 пайызды түзөт, ал эми ооругандардын жалпы санынын 5 пайызы ооруканага жаткырылды.

Оорунун эң көп катталышы Ош жана Бишкек шаарларында, ошондой эле Баткен жана Чүй облустарында байкалууда.

Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин Инфекциялык ооруларды көзөмөлдөө башкармалыгынын башчысы Динара Оторбаеванын айтымында, эпидемиологиялык абал күн сайын көзөмөлдө турат.