УКМК: Караколдогу «Асем» тиричилик комбинаты мамлекетке кайтарылды


Мыйзамсыз жеке менчикке өткөрүлүп берилген жер участокторун жана объектилерди мамлекеттин балансына кайтаруу боюнча жүргүзүлүп жаткан иш-чаралардын алкагында, Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети «Асем» тиричилик комбинатын (имараттын аянты 4028 чарчы метр, жер тилкеси 0,5 га) Каракол шаардык мэриясынын балансына өткөрдү.
Тактап айтканда, 1993-жылы Каракол шаарынын борборунда жайгашкан «Асем» тиричилик комбинаты Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлк фонду тарабынан түз сатуу жолу менен, башкача айтканда, аукционсуз мыйзамсыз сатылып, 1991-жылдын 20-декабрындагы «Кыргыз Республикасында мамлекеттен ажыратуунун жана менчиктештирүүнүн жалпы принциптери жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамын бузуу менен сатылганы аныкталган.


Тиешелүү тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө «Асем» тиричилик комбинатынын имараты жана анын аймагы Каракол шаардык мэриясынын балансына ыктыярдуу түрдө өткөрүлүп берилди.