Бишкектеги Орус үйүндө Россотрудничество тарабынан жарык көргөн «Россия жана Борбор Азия: тарых жана маданият» аттуу китептин бет ачары 2-декабрда болуп өттү. Иш-чарага Кыргызстан менен Россиянын академиялык чөйрөсүнүн өкүлдөрү, окумуштуулар, жогорку жана орто окуу жайларынын мугалимдери, тарыхчылар, ошондой эле ЖМК өкүлдөрү катышты.

Жолугушууну Бишкектеги Орус үйүнүн жетекчиси Альберт Зульхарнеев ачып, төмөнкүлөргө токтолду:
«Бул китеп мыкты булактарга негизделген. Кыргызстан менен Россиянын ар кыл багыттардагы кызматташуусу кеңейип жатат жана жалпы тарыхка болгон кызыгуу өсүүдө. Интернетте жана жаштар арасында тарыхый ресурстардын популярдуулугу да мунун далили. Бүгүн эки өлкөнүн мамилелерин бузууга багытталган маалыматтык чагымдар көп кездешет. Ошондуктан тарыхый чындыкка негизделген долбоорлор абдан маанилүү. Инфографика жана визуалдык материалдарга көнгөн муун үчүн бул китеп өзгөчө кызыктуу болот. Бул чыгарма – эки өлкө ортосундагы байланышты чыңдоого салынган дагы бир пайдубал».

Китептин заманбап жана натыйжалуу форматта даярдалганын Россиялык тарых коому башкармалыгынын төрагасы, «Ата Мекен тарыхы» фондунун аткаруучу директору, Россия билим берүү академиясынын корреспондент-мүчөсү Руслан Гагкуев дагы белгиледи:
«Уникалдуу формат кең аудиторияга ылайыкталган. “Убакыт лентасы” эки өлкөдө бир мезгилде болгон маанилүү окуяларды салыштырып көрүүгө мүмкүндүк берет».
Талкууда объективдүү тарыхый билим берүү, билим сапатын жогорулатуу жана тарыхый негизди бекемдөө боюнча маселелер кеңири каралды. Тарыхтын балдар тарбиясындагы ролу, Россия тарыхынын кыргыз мектептеринде кеңири жана тутумдуу окутулушу зарыл экени айтылды. СССР мезгилинде окутулган «Элдер достугунун башаттары» темасын кайрадан окуу процессине киргизүү сунушталды. Ошондой эле тарых боюнча билим берүүнү азыркы геосаясий шартка ылайыкташтырып, жалпакыргы бирдиктүү окуу китебин түзүү зарыл экени белгиленди.

КРСУнун тарыхый-маданий мурастар борборунун директору Леонид Сумароков:
«Россия менен Кыргызстандын тарыхын баяндоо мамлекеттик экспертизадан өтүшү керек. Фактыларды бурмалоо эки элдин мамилесине терс таасир тийгизбеши зарыл» – деп баса белгиледи.
Тарыхый фактыларды бурмалоо мамлекеттер аралык кастыкты күчөтөрү айтылып, окумуштуулар медиа мейкиндигинде активдүү болушу керектиги белгиленди.
«Тарыхый маалыматтар медиа аркылуу кеңири коомчулукка жетиши зарыл», – деди «Sputnik Кыргызстан» агенттигинин редактор-баяндамачысы Таалайбек Ороскулов.
БГУнун эл аралык мамилелер кафедрасынын доценти, ИНИОН РАНдын илимий кызматкери Каныбек Кудаяров бүгүн кыргыз коомунда тарыхка болгон абдан чоң кызыгуу бар экенин, бул адилет билим берүүгө шарт түзөрүн кошумчалады.
Жолугушуу «Россия жана Борбор Азия: тарых жана маданият» китебинин өз учурунда жарык көргөнүн дагы бир ирет тастыктады.
Китеп Россотрудничествонун элдик дипломатиянын 100 жылдыгына арналган сериядагы алгачкы долбоору болду. Материалдар убакыт лентасы форматындагы иллюстрациялар жана кыскача түшүндүрмөлөр менен берилген. Россиянын колдоосу менен Кыргызстанда жүзөгө ашкан окуялар өлкөнүн өсүшүнө салым кошкон маанилүү тарыхый этаптар катары көрсөтүлгөн.
Китептин нускасы Кыргызстандагы жана аймактагы Орус үйлөрүнө өткөрүлүп, көргөзмөлөрдө жана агартуу иштеринде колдонулат.

