Ысык-Көлдө аялына зомбулук көрсөтүүгө шектелип 38 жаштагы киши кармалды


Ысык-Көл облустук милициясы Ак-Суу районунун 38 жаштагы тургуну аялына зордук-зомбулук көрсөтүүгө шектелип кармалганын билдирди. Маалыматка караганда, 25-ноябрда анын жубайы, 33 жаштагы И.А. аттуу жаран күйөөсүнөн узак убакыттан бери кордук көрүп жүргөнүн айтып, милицияга кайрылган.

“2025-жылдын 3-март күнү И.Э. кол көтөрүп сабагандан кийин И.А. Ак-Суу райондук ооруканасына кайрылган. Ал ошол учурда балдарын ойлоп, жараатын жыгылып кеткем деп айтып койгонун билдирген. Ооруканадан кийин дагы үч ай өткөн соң кайрадан уруп-сабап, мойнунан муунтканын айткан. Ошондой эле, 2025-жылдын август айында И.А. ажырашуу чечимин кабыл алып, балдарын алып, ата-энесинин үйүнө кеткен. Андан тышкары, 2025-жылдын 20-ноябрында Ак-Суу райондук сотуна ажырашуу боюнча жарандык арыз менен кайрылганын, бирок И.Э. орой мамилесин токтотпой, телефондон коркутуп, ыплас сөздөр менен сөгүп, видео тасмаларды жөнөтүү менен И.Анын абройуна шек келтирип жатканын билдирген”, — деп жазылган милициянын маалыматында.

Тергөөнүн жүрүшүндө келинге дайындалган соттук-медициналык экспертизанын корутундусуна ылайык, алган жаракаты “анча оор эмес дене жаракаты” деп аныкталган.

Бул факты боюнча 5-декабрда Кылмыш-Жаза кодексинин 131-беренесинин (“Ден соолукка анча оор эмес залал келтирүү”) 1-бөлүгүнүн негизинде кылмыш иши козголгон. 6-декабрда келиндин күйөөсү суракка алынып, ошол жерден камакка киргизилген.

Түгөйлөр 2010-жылы баш кошкону жана ортодо төрт баласы бар экени маалым болду.

Мунун алдында үйдө жубайын жерге жаткырып тепкилеп жаткан кишинин жоругу тартылган тасма социалдык тармактарга тараган.