Бүгүн саат 10:00дөн тарта Бишкек — Ош унаа жолундагы Төө-Ашуу ашуусунда Сосновка постунда оор жүк ташуучу унаалар үчүн убактылуу коюлган чектөө алынды.
Маалыматка ылайык, жолчулар күнү-түнү иштеп, жолдорду кардан тазалоо жана инерттик материалдарды себүү иштерин жүргүзүүдө.

