15-декабрга карата аба ырайы


Бүгүн, 15-декабрда, Жалал-Абад, Ош жана Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында жаан-чачын, тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт. Чүй жана Нарын облустарында кар жаайт, калган аймактарда жаан-чачын болбойт, деп билдирди Кыргызгидромет.

Абанын температурасы Чүй жана Талас аймагында -1…+4, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +4…+9, Ысык-Көлдө +1…+6 градус болот. Ал эми Нарын аймагында суук көбүрөөк сезилип, термометр 0…-5 градусту көрсөтөт.
Күндүн табы борбор калаада +2…+4, Ош шаарында +7…+9 градуска көтөрүлөт.