Казакстанда 1 жарым жаштагы кыз кубаттагыч жутуп, чарчап калды


Казакстандын Кызыл-Орда шаарында бир жарым жаштагы кыз кубаттагыч (батарейка) жутуп алып ооруканада каза болду. Бул тууралуу «Тенгри Лайв» сайты жазды.

Кыздын ата-энесинин айтымында, дарыгерлер рентгенде кубаттагычты (батарейка) байкабай, бронхит оорусуна каршы дарылашкан, бирок абалы тездик менен начарлап кеткен.
Учурда сотко чейинки териштирүү иштери башталды.