Бүгүн Жогорку Кеңештин депутаттары ишин баштайт


Бүгүн Жогорку Кеңештин VIII чакырылышынын депутаттары ант берет. Ошондой эле БШК депутаттарга күбөлүк жана төш белгилерди тапшырат.

Белгилей кетсек, Боршайком 12-декабрда 29 көп мандаттуу округдан 87 шайланган депутаттарды каттоо жөнүндө токтом кабыл алган. Анын 58и эркек, 29у аял.

№13 округда өткөн шайлоонун жыйынтыгы мыйзам талаптарын сактабагандыгы үчүн жокко чыгарылган болчу. Жалпысынан парламент 90 депутаттан турат.