Айыл чарбаларды ирилештирүү — баюуга жол: Кооперативдер жемишин бере баштады


Кыргыз Республикасында айыл чарба кооперативдерин колдоо багытындагы мамлекеттик саясат өз жемишин бере баштады. Жеңилдетилген кредиттер, лизинг программалары жана салыктык жеңилдиктердин аркасында чакан дыйкан чарбалары биригип, ири жана атаандаштыкка жөндөмдүү товар өндүрүүчүлөргө айланууда.

Бүгүн дыйкандар жалгыз эмес – кооператив болуп иш алып баруу менен өндүрүш көлөмүн көбөйтүп, продукциянын сапатын жогорулатып, ички жана тышкы рынокторго ишенимдүү чыгууда. Биргелешкен иш — кирешени көбөйтүп гана тим болбостон, туруктуу өнүгүүгө жол ачууда.

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги тарабынан кооперативдерди өнүктүрүүгө багытталган бир катар укуктук ченемдик актылар кабыл алынып, мамлекеттик жер фондунан кезексиз жер алуу мүмкүнчүлүгү түзүлдү. Кооперативдер конкурссуз негизде түз келишим аркылуу жерди ижарага ала алышат.

Мындан тышкары, кооперативдер:
өндүрүштөн түшкөн кирешеге салык төлөөдөн;
кошумча нарк салыгынан бошотулган.

Ал эми:
кооператив мүчөлөрү болгону 2% киреше салыгын,
кооперативде иштеген жумушчулар 10% салык гана төлөшөт.

Бул — мамлекет тарабынан кооперативдерге көрсөтүлүп жаткан олуттуу колдоолордун бири.
Өзгөчө маанилүү кадам катары Министрлер Кабинети тарабынан 2023–2027-жылдарга карата Айыл чарба кооперациясын өнүктүрүү программасы кабыл алынды. Анын негизги максаты — калкты коопсуз жана сапаттуу азык-түлүк менен камсыз кылуу, агроөнөр жай комплексинин инвестициялык жана экспорттук потенциалын жогорулатуу, ошондой эле импортту алмаштырууну күчөтүү. Бириккен дыйкан – күчтүү экономика!