Бишкекте турак үйдөн чыккан өрт өчүрүлдү


Бишкекте Логвиненко көчөсүндөгү турак үйдөн чыккан өрт саат 15:40да толук өчүрүлдү.

ӨКМден билдиришкендей, өрттүн аянты болжол менен 30 чарчы метрди түзөт. Жабыркагандар жок.

Белгилей кетсек, өрт тууралуу маалымат түшөрү менен 2 күжүрмөн эсеп, штаб тартылып, ыкчам чараларды көрүштү.