2026-жылдын 1-январынан тарта Кыргызстанда ишкердик толук коргоого алынат


Кыргызстанда укук коргоо органдарына ишкерлерди негизсиз текшерүүгө тыюу салынат. Бул тууралуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин директору Равшанбек Сабиров билдирди.

Анын айтымында, президент Садыр Жапаров демилгелеген реформа 2026-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирип, ак ниет ишкердикти коргоого багытталган.

Сабиров 2025-жылы НАИнин макамы жогорулатылып, агенттик инвесторлорду коштоо боюнча «бирдиктүү терезе» принциби менен иштеген бирдиктүү борборго айланганын, ошондой эле Башкы прокуратура менен биргеликте бизнес менен түз диалог жүргүзүү аянтчасы түзүлгөнүн айтты.