Равшанбек Сабиров өлкөнүн инвестициялык саясатын чагылдырган журналисттерди сыйлады


Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин башчысы Равшанбек Сабиров 2025-жылдын жыйынтыгы менен жалпыга маалымдоо каражаттарынын (ЖМК) өкүлдөрүнө Ардак грамоталарды тапшырды. Сыйлыктар өлкөнүн инвестициялык саясатын жана агенттиктин ишмердүүлүгүн объективдүү чагылдырууга кошкон салымы үчүн берилди.

Иш-чаранын жүрүшүндө Равшанбек Сабиров инвесторлордун ишенимин бекемдөөдө жана Кыргызстандын инвестициялык мүмкүнчүлүктөрүн эл аралык деңгээлде таанытууда журналисттердин ролу маанилүү экенин белгиледи. Ал медиа өкүлдөрүнө кесипкөйлүгү жана конструктивдүү кызматташтыгы үчүн терең ыраазычылык билдирди.

Жыйындын соңунда агенттиктин жетекчиси журналисттерди келе жаткан Жаңы жыл майрамы менен куттуктап, чыгармачылык ийгиликтерди каалады. Ошондой эле 2026-жылы да өлкө экономикасы үчүн жемиштүү кызматташууну улантууга чакырды.