Милициянын кайгуул кызмат башкармалыгы келе жаткан Жаңы жыл менен куттуктады


Милициянын кайгуул кызмат башкармалыгы Бишкек шаарынын бардык тургундарын жана айдоочуларын келе жаткан Жаңы 2026-жыл менен чын дилинен куттуктайт. Бул тууралуу МККБнын Басма сөз кызматы билдирди.

Майрамга карата МККБнын кызматкерлери өзгөчө символикалык иш-чара уюштуруп, «2026» деген сан түрүндө сапка тизилишти. Бул иш-чара жарандарга болгон сый-урматтын белгиси болуп, коомдук тартипти жана жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча кызмат тынымсыз уланып жатканын айгинелейт.

МККБ шаар тургундарына жол эрежелерин сактагандыгы, түшүнүү жана колдоо көрсөткөндүгү үчүн ыраазычылык билдирет. Жаңы 2026-жыл ар бир үйгө тынчтыкты, бакубатчылыкты, ден соолукту жана жолдордо коопсуздукту алып келсин.