Айыл чарба министрлигинин 40 кызматкери сертификат алды


Айыл чарба министрлигинин кызматкерлеринин потенциалын жогорулатуу максатында, Азия өнүктүрүү банкы (АӨБ) тарабынан колдоого алынган «Климаттын өзгөрүшүнө туруктуу айыл чарбадагы кошумча нарк чынжырларын өнүктүрүү» долбоорунун алкагында англис тили курстары уюштурулган.

Министрликтин 40 кызматкери Elementary жана Pre-Intermediate деңгээлдери боюнча окууну ийгиликтүү аяктап, сертификаттарга ээ болушту.

Ошондой эле америкалык DAS EDUCATION уюму тарабынан жыл сайын ыйгарылуучу «Билимге кам көргөн министрлик» номинациясы быйыл Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине ыйгарылды.