Бишкекте аянты 2 гектар «Санжыра» жаңы гүл бакчасы ачылды


Кечээ, 31-декабрда Бишкек шаарында «Санжыра» жаңы гүл бакчасы салтанаттуу түрдө ачылды.

Маалыматта айтылгандай президенттин колдоосу менен жалпы аянты 2 гектарды түзгөн жер тилкесинде заманбап гүл бакча көрктөндүрүлгөн.

Анын аймагында балдар үчүн оюн аянтчалары, кичи-футбол талаасы, ошондой эле сейилдөөчү жайлар  жабдылды.

Белгилей кетсек, жаз айларында гул бакчанын аймагына кошумча жашыл көчөттөрдү отургузуу пландалууда.