Акча алмаштыруучу жайлар айрым кардарлардын каражат булагын текшере алат


Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын башкармалыгы алмашуу бюролору үчүн минималдуу ички көзөмөл талаптарын белгилеген жаңы жобону бекитти. Документ акчаны адалдоого жана мыйзамсыз иш-аракеттерди каржылоого каршы күрөшүүгө багытталган.

Улуттук банктын токтомундагы негизги талаптар:

100 миң сомдон 1 млн сомго чейинки операцияларда кардардын өздүгүн аныктаган документтер (паспорт, аскердик билет, айдоочулук күбөлүк же чет өлкөлүктөр үчүн жашап туруу уруксаты) талап кылынат;

100 миң сомдон жогору операциялар сөзсүз катталат;

Айрым категориядагы кардарлардан (таанымал кыргыз жарандары, белгилүү чет өлкөлүктөр жана башкалар) каражаттын кайдан келип чыкканын тастыкташы керек;

Акча алмаштыруу жайларынын кызматкерлери кардарды Кыргызстандын жана БУУнун Коопсуздук кеңешинин санкциялык тизмесине кирген-кирбегенин текшерүүгө милдеттүү;

Тобокелдүү делген операцияларга кошумча документтер суралып, аны жүргүзүүгө акча алмаштыруу жайынын жетекчиси уруксат бериши зарыл;

Шектүү операциялар тууралуу маалымат Финансылык чалгындоо кызматына жөнөтүлүшү шарт.

Токтом 14-январдан тарта күчүнө кирет.