Бул продукцияга цереулид уулуу затынын (Bacillus cereus бактериясынын айрым штаммдарынан пайда болот) кирип калышы ыктымалдыгына байланыштуу экени айтылды. Бул уулуу зат кайнатканда да жок болбой турганы маалым болду.
Компания NAN жана PRENAN бренди менен чыккан тез даярдай койчу кургак сүт азыктарын, лактозасыз продуктуларын артка чакырткан.
Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаменти элди алган продукциясынын аталышын, чыгарылган ай, күнүн текшерип, эгерде ал чакыртылып жаткан продуктуга кирсе, расмий дистрибьютерге кайтарууну сунуштады.

