Өзгөн районунда милиция кызматкерлерине карата кылмыш иши козголду


Өзгөн РИИБдин кызматкерлери тарабынан жарандын ден соолугуна өзгөчө оор зыян келтирүү жана кызматтык абалынан ашыкча пайдалануу фактылары боюнча кылмыш иши иликтенүүдө. Бул тууралуу УКМК билдирди.

Аныкталгандай, 2026-жылдын 3-январында Өзгөн районунда милиция кызматкерлери кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланып, эки жаранды мыйзамсыз кармашкан жана мыйзамда каралган процессуалдык документтерди толтурбастан Куршаб аймактык милиция бөлүмүнө алып келишкен. Андан ары кармалгандарга карата физикалык зомбулук көрсөтүлүп, натыйжада алардын биринин ден соолугуна өзгөчө оор зыян келтирилген. Тактап айтканда, жабырлануучу баш мээсинен жабык жаракат алып, мээсине кан куюлуп, шишип кеткен.

Кылмыш ишинин алкагында КР Кылмыш-жаза кодексинин 130-беренесинин 3-бөлүгүнүн 2-пункту жана 338-беренесинин 2-бөлүгүнүн 4-пунктунда каралган кылмыштарды жасоого шектелип, Өзгөн РИИБдин кызматкерлери «С.Х.», «И.у.К.» жана «А.А.» кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Учурда тиешелүү тергөө-ыкчам иш-чаралары улантылууда.

УКМК жарандарды кайдыгер болбоого жана кызматтык абалынан ашыкча пайдалануу, кызматтык абалын кыянаттык менен колдонуу жана башка мыйзамсыз аракеттер боюнча фактылар тууралуу кабарлоого чакырат.