Бишкекте лазер жарыгы бар жаңы жол чырак орнотулду


Бишкек шаарында Курманжан Датка жана Фрунзе көчөлөрүнүн кесилишине лазер жарыгын кошо берип турган жаңы жол чырак орнотулду. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Бул жол чыракты алгачкы жолу “Шаардык жол-транспорттук инфратүзүм” муниципалдык ишканасы өз күчү менен иштеп чыгып, даярдаган.

Маалымдалгандай, мындай жарык аба ырайы ыңгайсыз болгон учурда, туман каптаганда же жаан-чачын болгондо жөө жүргүнчүлөрдүн айдоочуларга жакшыраак көрүнүшүнө жардам берет.