Бишкектеги айланма жолдун аймагында күнү-түнү иштеген ири мал базар ачылды


Бул тууралуу Ветеринардык кызматтын директорунун орун басары Бакыт Шарапов «Биринчи радиого» берген маегинде билдирди.
Анын айтымында, бул жерде соода күнү-түнү жүрөт. Базардын аймагында мал союу үчүн атайын пункт ачылган.
Шарапов буга чейин мындай базар Пригородное айылында жайгашканын, бирок ал аймак борбор шаарга кошулгандан кийин ветеринардык талаптарга жооп бербеген жайлар жабылганын кошумчалады.