Катуу сууктан улам Ак-Талаа районунун мектептери бир жумага таратылды


Алардын окуусу аралыктан уланат. Бул тууралуу райондун акиминин орун басары Каныбек Эсеналиев “Кабар” агенттигине билдирди.

Орун басар белгилегендей, ыкчам штабдын отурумунда окуучулардын коопсуздугун алдын алуу максатында аралыктан окутуу чечими кабыл алынган.

“Райондо суук күч алууда. Эрте менен аба ырайы нормадан ашып, -30-35 градустун тегерегинде болууда. Мектепке эрте мененки саат 7-8дерде 2 чакырым аралыктан, алыскы жактардан келип окуган окуучулар бар. Андыктан, аларды бир жума аралыктан окутуу чечими кабыл алынды”,-деп билдирди Эсеналиев.