Бул тууралуу Энергетика министрлиги билдирди.
Орто-Токой суу сактагычына курулуп жаткан үч гидроагрегаттуу ГЭСтин кубаттуулугу 21 МВтты түзөт. Ал ишке киргизилсе, 14 миңден ашык абонентти электр энергиясы менен камсыз кыла алат.
Обьектинин курулушу 2024-жылдын июнь айында башталган. Аны кытайлык China National Heavy Machinery Corporation мамлекеттик ишканасы куруп жатат. Долбоорду ишке ашыруу үчүн 2023-жылдын мартында “Чакан ГЭС” ААКсы менен аталган ишкананын ортосунда макулдашууга кол коюлган.
Министрлик курулуш иштери болжол менен 2026-жылдын биринчи жарымында аяктаарын кошумчалады.

