Кыргызстандын ТИМ башчысы Жээнбек Кулубаев 2026-жылы Кытай Эл Республикасынын төрагасы Си Цзиньпин Кыргызстанга мамлекеттик сапар менен келерин билдирди. Бул тууралуу ал 15-январда Бишкектеги маалымат жыйынында айтты.
Кулубаев 2025-жылдагы Кыргызстан менен Кытайдын кызматташтыгына жогорку баа берип, аны «он баллдык шкала боюнча 11 балл» деп мүнөздөдү. Ал өткөн жылдагы маанилүү окуялардын катарында президент Садыр Жапаровдун Кытайга мамлекеттик сапарын эске салды.
Ошондой эле төмөнкү форматтардагы жолугушуулар айтылды:
Астанадагы «Борбор Азия — Кытай» жолугушуусу;
ШКУ саммитинин алкагындагы сүйлөшүүлөр.
Министрдин айтымында, Си Цзиньпиндин сапары кеңири программа менен өтөт.

