Өзбекстандан келген техникалык туз артка кайтарылды


Ош шаарындагы кыргыз-өзбек чек арасындагы «Достук» чек ара ветеринардык көзөмөл өткөрүү жайында Өзбекстандан ташылып келе жаткан 22 тонна малдын тузу бар жүк Кыргызстанга киргизилген жок. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинен билдиришти.

Жүк Чек ара ветеринардык көзөмөл пунктунун инспекторлору тарабынан текшерилип, анын жүрүшүндө Евразия экономикалык биримдигинин ветеринардык-санитардык талаптарынын сакталбагандыгы аныкталды. Тактап айтканда, аталган жүккө тиешелүү ветеринардык коштоочу документтер белгиленген талаптарга жооп бербейт.

Текшерүүнүн жыйынтыгында инспекторлор тарабынан жүктү артка кайтаруу боюнча акты түзүлүп, товар «Достук» чек ара көзөмөл өткөрүү жайы аркылуу кайра артка жөнөтүлдү.