Бүгүн күндүз көпчүлүк аймактарда жаан, кар, тоолуу райондордо кар жаайт. Айрым жерлерге туман түшөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Абанын температурасы Чүйдө +1…+6, Талас жергесинде +2…+7, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +5…+10, Ысык-Көл өрөөнүндө 0…+5 градус болсо, Нарын аймагында -8…-13 градус суук болушу ыктымал.
Күндүн табы борбор калаа Бишкекте +4…+6 градуска чейин жылып, күндүз жааган жаан карга айланат. Ош шаарында жаан жаап +2…+7 градус жылуу болот.

