Эрулан Кокулов Маданият министрлигин сотко береби?


Депутат Эрулан Кокулов Маданият министрлигин тасмалардагы тамеки жана алкоголдук ичимдиктердин жарнамасы үчүн сотко берерин эскертти. Бул тууралуу ал бүгүн Жогорку Кеңештин илим, билим берүү, инновациялык өнүгүү, маалыматтык технологиялар, маданият, спорт жана жаштар иштери боюнча комитетинин жыйынында билдирди. 

Анын айтымында, акыркы убакта эле ата мекендик өндүрүштөгү үч тасмадан тамеки буюмдарынын жарнамасын көргөн.

«Ачык эле жарнама болуп жатат: сигареттин кутусу көрсөтүлүп, “Winston’дун кош капсуласы бар” деп айтылат. Мен мунун жол берилгис экенин үч жыл мурда эле айткам. Ошол убакыттан бери эч нерсе жасалган жок. Кыргызстандын элинин ден соолугу мага эле керекпи? Силер менен эмне кыларымды билбей калдым. Бул жерде жомок айтып отурасыңар. Сотко бериш керекпи анда? Анда ошол жол менен кетели, эгер маселе чечилбесе. Бул улуттун ден соолугу жөнүндө маселе. Мыйзам тасмаларда тамеки менен алкоголдун жарнамасына тыюу салат, бирок биз аны көрүүгө аргасыз болуп жатабыз. Маданият министрлигинин актанууга моралдык да укугу жок. Мен Минкультта кимдир бирөө мындан акча таап жатат деп толук ишенем. Тамеки өндүрүүчүлөрдүн акчасына кино тартуунун кереги жок. Андай тасмаларсыз деле жашайбыз», — деп кошумчалады Эрулан Кокулов.

Маданият министрлигине караштуу Кинематография департаментинде тасмаларды чыгарууга лицензияны «Кыргызтасма» мекемеси берерин билдиришти.

Мекеменин жетекчиси Талант Толобековдун айтымында, учурда атайын комиссиянын ишинин жыйынтыгынан кийин «Кыргызтасманы» жоюу боюнча иштер жүргүзүлүүдө.

Маданият министринин орун басары Марат Тагаев кинематография тармагын реформалоо иштери уланып жатканын белгиледи.

«Сиздердин сунуш-пикирлериңиздерди эске алабыз. Мындан тышкары, чет өлкөлүк тасмаларды кыргызча субтитрлер менен камсыз кылуу боюнча да иштер жүрүп жатат. Жакын арада мыйзамдарга өзгөртүүлөрдү парламентке алып чыгабыз, каршылаштар болот, ошондуктан депутаттардын колдоосун сурайбыз», — деп кошумчалады ал.