Кыргызстанда жынысын алмаштыруу боюнча биринчи арыз катталды


Кыргызстанда расмий документтердеги жынысын өзгөртүү талабы менен биринчи жолу кайрылуу катталды. Бул тууралуу мамлекеттик «Кызмат» мекемесинин директорунун орун басары Эрнес Досалиев билдирди.

Анын айтымында, өткөн аптада мекемеге бир эркек жаран документтердеги жынысы тууралуу маалыматты өзгөртүп берүүнү сурап кайрылган. Учурда бул материалдар кароодо турат.

Досалиев белгилегендей, Кыргызстандын учурдагы мыйзамдары мындай өзгөртүүлөрдү киргизүүгө жол берет. Процедура медициналык справканын негизинде жүргүзүлөт.

Бул маалымат Жогорку Кеңештин илим, билим берүү, инновациялык өнүгүү, маалыматтык технологиялар, маданият, спорт жана жаштар иштери боюнча комитетинин жыйынында айтылды.