“Эмаком” курулуш компаниясынын негиздөөчүсү, ишкер Эмилбек Джусупов УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевге сүткорлордун туткуну болуп жатканы тууралуу кайрылып, жардам берүүсүн өтүнгөн. Кайрылуунун текстин өзгөртүүсүз беребиз:
«Урматтуу Камчыбек Кыдырашевич!
Сиздин жетекчилигиңиз жана жеке көзөмөлүңүз менен тапшырмаларыңыздын негизинде өлкөбүздөгү жемкорлук жана кылмыштуу топтор менен күрөшүү жемиштүү уланып, анын жакшы натыйжасы элибизге жана коомчулукка белгилүү болууда.
Бүгүн УКМК тарабынан сүткорлук жана күрөөканалардын мыйзамсыз иштери далилденип, атайын кызмат тарабынан бардык күрөөканаларды текшерүү тапшырмасын бердиңиз. Бул иш-аракеттин аркасында жүздөгөн, миңдеген мыйзамсыз иштер ачыкталып, көп адамдардын тагдыры оң жагына чечилерине ишенем.
Мен Джусупов Эмилбек уюшкан сүткорлордон жабыркаган ишкер катары сизге сураныч менен кайрылып жатам.
2021-жылдан бери “Эмаком” курулуш компаниясынын айланасындагы иштер ар дайым коомчулуктун талкуусунда болуп келе жатат. Быйыл 2026-жылы компания өз кардарларынын баарын үйлүү кылуу аракетинде иштеп жатат.
Сизге чоң ишеним жана үмүт артып, төмөнкүдөй маселе менен кайрылам: бир тууган агам Мелисбек Джусупов Ош шаарындагы сүткорлук менен алектенген Атошов Ашималы баштаган топтун (дагы адамдар бар, алар дагы ачыкталат) “туткуну” болуп жатат. Компаниянын ишмердигин илгерилетүү максатында Атошов Ашималыдан биринчи жолу 200 000 АКШ долларын эки айлык мөөнөткө алып, Атошовдун талабы менен аны 400 000 АКШ доллары кылып кайтарат. Андан кийин экинчи жолу 300 миң АКШ долларын алып аны да эки эсе кошуп кайтарууга аргасыз болот. Бул убакыттын аралыгында Атошов Ашималы “Эмаком” компаниясы тарабынан 11 миллион долларды акчалай жана мүлк түрүндө ар кандай коркутуу, шантаж жасоо жолдору менен алды. Баары келишимдин негизинде жана күбөлөрдүн катышуусу менен берилген. Атошовго өткөн мүлктөрдүн жана акчалардын тизмеси тиркелет. Атошов Ашималынын бизден алган мүлктөрүн, акчаларын тастыктоочу бардык документтер бар жана аларды көрсөтүүгө даярбыз.
Атошов Ашималы баштаган сүткорлордун жалаасы биздин компаниянын курулуш иштерин аксатып, мөөнөтүндө турак-жайларды бүтүрүп, ээлерине тапшырууга чоң тоскоолдуктарды жаратууда.
Агам Мелисбек Джусупов учурда ИИМдин тергөө абагына 2 айлык мөөнөткө камалган. Эртең же бүрсүгүнү менин тагдырым кандай болору белгисиз. Убакыт кымбат, үйлүү болсом деген жүздөгөн адамдардын үмүт, ишенимдери андан да кымбат болуп, жүрөктү өйүп турган мезгилде менин убактым Атошов Ашималы баштаган сүткорлор менен күрөшүп, алардын ар түрдүү арыздарына тергөөгө сурак берүү менен өтүүдө.
“Эмаком” компаниясы Атошов Ашималынын мыйзамсыз сүткорлук аракетин токтотуу максатында арыз менен укук коргоо органдарына бир нече жолу арыз менен кайрылдык. Бирок, кандайдыр бир себептерден улам бүгүнкү күнгө чейин бул сүткорлук иши териштирилип, укуктук баа берилип, күнөөлүүлөр жазаланбай келе жатат.
Урматтуу Камчыбек Кыдыршаевич, “Эмаком” курулуш компаниясы менен Атошов Ашималы баштаган топтун ортосундагы “бүтпөс” сүткорлук ишин адилеттүү каралышын жеке көзөмөлүңүзгө алып, бизге жардам берүүңүздү көптөн-көп өтүнөм. Терең урматтоо менен Эмилбек Джусупов» — деп жазылган кайрылууда.

