Бишкек шаарынын Ленин районундагы Балбан-Таймаш конушунда техникалык тейлөө борборунан (СТО) чыккан өрт саат 08:29да чектөөгө алынды. Бул тууралуу ӨКМдан билдиришти.
Өрттү өчүрүүгө жалпы 6 күжүрмөн эсеп, Кризистик кырдаалдарда башкаруу борборунан ыкчам топ бир доону менен жана штаб тартылган. Учурда толук өчүрүү боюнча ыкчам аракеттер көрүлүп жатат.

