Дайырбек Орунбеков: «Жарыкты үнөмдөйлү!»


Президенттик Администрациянын маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы Дайырбек Орунбеков жарандарды электр энергиясын сарамжалдуу пайдаланууга чакырып, өлкөдө электр тартыштыгынын себептери жана аны жоюу үчүн көрүлүп жаткан чаралар тууралуу билдирди.

Анын айтымында, Кыргызстанда соңку жылдары курулуштардын көбөйүшү, жаңы завод-фабрикалардын жана айылдардын ачылышы электр энергиясына болгон муктаждыкты бир нече эсеге жогорулатты. Мурда да өндүрүлгөн электр энергиясы өлкөнү толук камсыздай албаса, азыр бул тартыштык дагы да курчуп жатат.

Маалыматка ылайык, учурда республика боюнча күнүмдүк электр энергиясын керектөө 74,274 млн кВт/саатка жетсе, гидроэлектр станцияларынын өндүрүшү болжол менен 57 млн кВт/саатты түзүүдө. Токтогул суу сактагычына секундасына 167 куб метр суу кирип жатса, 769 куб метр суу агып чыгууда. Бул электр энергиясын көбүрөөк өндүрүү зарылчылыгына байланыштуу экени белгиленди.

Дайырбек Орунбеков климаттык өзгөрүүлөр жана кардын аз жаашы суунун көлөмүн кыскартып жатканын айтып, электр энергиясын сарамжалдуу пайдаланбасак, суу сактагычтарда керектүү көлөмдү топтоо мүмкүн болбой калышы ыктымал экенине көңүл бурду.

Ошол эле учурда энергетикалык тармакты өнүктүрүү боюнча ири долбоорлор ишке ашырылып жатат. Тактап айтканда, кубаттуулугу 1860 МВт болгон “Камбар-Ата–1” ГЭСи курулууда, “Камбар-Ата–2” ГЭСинин 120 МВт кубаттуулуктагы экинчи агрегатынын курулушу башталды. 100 МВт кубаттуулуктагы Куланак ГЭСи 2027-жылы пайдаланууга берилет. Күн жана шамал электр станциялары, Орто-Токой ГЭСи, ошондой эле ондогон чакан ГЭСтердин курулушу жүрүп жатат.

2025-жылы эле бир катар энергетикалык объектилер ишке кирип, кошумча кубаттуулуктар алынганы айтылды. Бул иштердин жыйынтыгы 2030-жылдарга барып толук сезилип, Кыргызстан энергетикалык көз карандысыздыкка жетип, электр энергиясын экспорттоого мүмкүнчүлүк алат деп күтүлүүдө.

«Урматтуу мекендештер, жарыкты үнөмдөйлү! Мен үнөмдөбөсөм, сен үнөмдөбөсөң — биз үчүн ким үнөмдөп берет?» — деп билдирди  Орунбеков.