Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги ушул жылдын февраль айында маанилүү иш-чараларынын бири – «Агродиалог–2026» агроөнөр жай форумун өткөргөнү турат. Бул форумда республика боюнча айыл чарба тармагындагы мыктылары аныкталмакчы.
Биз Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министринин орун басары Мирбек Дүйшеев менен айыл чарбанын мыктыларын аныктоо процесстери тууралуу маектештик.
— Мирбек Иманкадырович, жакында кыргыз айыл чарбасынын мыктылары, чемпиондору аныкталган форум өтөт. Бизге форум тууралуу кыскача айта кетсеңиз?
— “Агродиалог” форуму быйыл үчүнчү жолу өтүп жатат. Эки жылдан бери дыйкан-фермерлердин, кайра иштетүүчү тармактын өкүлдөрүнөн “Агродиалог” платформасына кызыгуусу артууда. Былтыр өлкө боюнча 32 чемпионду аныктап, аларга министрликтин сыйлыктарын бергенбиз. Алар агротармактагы жетишкендиктеринин жыйынтыктарынын негизинде аныкталган. 16 кишини өсүмдүк өстүрүү боюнча, 16 фермерди мал жандыгы боюнча чемпион деп тапканбыз. “Агродиалогдун” максаты – дыйкан-фермерлерди бир аянтчага топтоп, алардын тажрыйбасын башкалар менен бөлүшүү болуп саналат. Алар өздөрүнүн башынан өткөргөн кыйынчылыктары, кемчиликтери менен бөлүшүп, аны чечүүнүн жолдорун дагы айтып беришет.
— Иш-чара кандай форматта өтөт?
— Форум К.Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетинде үч күн болот. Биринчи күнү өсүмдүк өстүрүүчүлөрдүн чемпиондору аныкталса, экинчи күнү мал чарбачылыгы боюнча, үчүнчү күнү кайра иштетүү жана экспорт боюнча иш-чара өтөт. Ал эми төртүнчү күнү Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында жыйынтыкталат. Быйылкы “Агродиалогдун” форматы былтыркыдан бир аз өзгөчө болмокчу. Себеби, биз кошуна өлкөлөрдөн өз кесибинде ийгилик жараткан дыйкан-фермерлерди жана адистерди чакыралы деп турабыз. Андан сырткары Агрардык, Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин студенттерин дагы чакырып жатабыз. Алар дагы агросекторду өнүктүрүү боюнча өздөрүнүн пикирин билдиришет.
В2В (Business-to-Business) форматы дагы болот. Анда мамлекеттик мекемелер, биздин министрликке тиешелүү ветеринардык, фитосанитардык жана башка кызматтардын өкүлдөрү болот. “Элдик Банк” жана “Айыл Банктын” өкүлдөрүн чакырып, дыйкан-фермерлердин кызыккан суроолоруна жеринде жооп ала тургандай шарттарды түзүп берели деп жатабыз. В2В форматта дыйкан-фермерлер, кайра иштетүүчүлөр жана экспорттоочулардын ортосунда келишимдерди түзүүгө мүмкүнчүлүк болот. Бул форум ишкерлерди бир аянтчага бириктирүүчү борбор деп айтсак болот.
— Быйыл да 32 кишини жеңүүчү деп табасыздарбы? Жеңүүчүлөрдү тандоо критерийлери кандай?
— Быйыл Кыргызстан боюнча 40 киши чемпион деп табылат. Анын жыйырмасы өсүмдүк өстүрүү боюнча, жыйырмасы мал чарбачылыгы боюнча болот. Чемпиондор жыл ичиндеги жетишкендиктери боюнча тандалат. Биз алардын жетишкендиктерин буга чейин коомчулукка жарыялап келгенбиз. Мисалы, Чүй облусунда помидор боюнча, Ысык-Көл менен Кочкордо картошка боюнча мол түшүм алган дыйкандар бар. Ал эми Таласта болгар калемпиринен мол түшүм алгандар көп. Чүй облусунун Жайыл району помидордун түшүмдүүлүгү боюнча дүйнөлүк рекорд жаратты деп айтсак болот. «Хайнц» жана «Есесем» сортундагы помидорлор 270 гектар аянтка эгилген. Орточо түшүмдүүлүк гектарынан 120 тоннаны түздү. Дүйнөдө эң жогорку түшүмдүүлүк адатта Түндүк Америкада катталып, ал жакта гектарынан 90 тоннага чейин түшүм жыйналат. Помидорду өстүрүүдө заманбап агротехнологиялар, анын ичинде автоматташтырылган тамчылатып сугаруу системасы колдонулуп келет.

