УКМК: Улуттар аралык кастыкты козутууга шектелген жаран кармалды


КР УКМК тарабынан социалдык тармактарда улуттар аралык кастыкты козутууга багытталган билдирүүлөрдү жарыялаган 1989-жылы туулган «З.Д.А.» аттуу жаран менен түшүндүрүү-профилактикалык иштери жүргүзүлдү. Анын натыйжасында, аталган жаран мындай аракеттерге мас абалында жол бергенин моюнга алып, мындан ары терс кесепеттерге алып келе турган мындай кадамдарга барбай турганына ишендирди.

Учурда КР УКМКнын тергөө органдары тарабынан «З.Д.Анын» жарыялаган билдирүүлөрү боюнча тийиштүү экспертизалар дайындалды. Анын жыйынтыгы менен КР мыйзамдарынын алкагында кошумча чаралар көрүлөт.

КР УКМК улуттар аралык, аймактар ​​аралык жана расалык кастыкты козуткандыгы үчүн, анын ичинде Интернеттеги социалдык тармактар аркылуу жасалган аракеттер үчүн кылмыш жоопкерчилиги каралгандыгын эскертет.