№13 шайлоо округу боюнча депутаттарды кайра шайлоого 9 талапкер катталды


Борбордук шайлоо комиссиясы 2026-жылдын 1-мартында өтө турган Жогорку Кеңештин №13 шайлоо округу боюнча депутаттарды кайра шайлоого катышуу ниетин билдирген жарандардан арыздарды кабыл алууну улантууда.

Арыз тапшыргандар:

  • Мацаков Бакыт Калбаевич — 01.06.1989-ж., «БОУЛ» ЖЧКсынын директору

  • Абдыразакова Гульнара Пазылжановна — 29.10.1976-ж., МККнын түштүк региону боюнча бөлүм башчысы

  • Матсаков Кадырбек Мусаевич — 31.03.1977-ж., жеке адвокат

  • Чолпонов Уланычбек Калдарбекович — 01.03.1981-ж., Базар-Коргон электр тармактары ишканасынын жетекчиси

  • Калматов Токторали Калдарович — 29.05.1976-ж., жеке ишкер

  • Асамудинов Бактыбек Асанович — 30.05.1966-ж., Кыргыз Республикасынын адвокатурасынын өкүлү

  • Асанов Уланбек Жалалович — 30.11.1970-ж., «Виртуалдык активдердин эмитенти» ААКнын директорлор кеңешинин төрагасы

  • Маматаев Эркинбек Садирбекович — 23.01.1972-ж., убактылуу иштебейт

  • Арстанбеков Акылбек Советбекович — 02.04.1965-ж., «Кыргызстан» мамлекеттик эмес пенсиялык фондунун байкоо кеңешинин төрагасы

Жогорку Кеңештин депутаттарын кайра шайлоого катышуу ниети тууралуу арыздарды кабыл алуу добуш берүү күнүнө 30 календардык күн калганда аяктайт, тактап айтканда 2026-жылдын 29-январынын саат 18:00гө чейин кабыл алынат.