Буга чейин Орунтаев “Ала-Тоо 24” телеканалына Курулуш министрлигинин департаменттеринде иштеген кызматкерлердин маянасы орточо 150-160 миң сомго жеткирилгенин, айрымдары 200 миң сомго чейин аларын айткан.
Соцтармакта жаралган пикирлерден соң министр буга байланыштуу Фейсбуктагы баракчасында түшүндүрмө жазды.
«Соцтармактарда Курулуш министрлигиндеги кызматкерлердин айлыктары боюнча талкуу болууда. Биздин бардык департаменттерибиз өзүн-өзү камсыздоо механизми менен иштеп келет. Бизде орточо айлык маяна 150 миң сом, ал эми кээ бир департаменттерде 500 миң сомго чейин айлык маяна алат… Тагыраак айтканда ким кандай иштесе, ошончо айлык алат. Биздин кызматкерлер — иш издеген кызматкерлер. Айтайын дегеним, биздин кызматкерлер тар профилдүү (узкопрофильный) кызматкерлер. Көпчүлүгү архитектор, куруучу, конструктор, инженерлер жана алардын эмгеги ЭМГЕК-базарында талаштуу. Бул кызматкерлер көп кабаттуу, оор инженердик объектилердин курулушунун тийиштүү документтерин жана проектилерин текшерип, ошол объектилерге жооп берүүчү кызматкерлер. Ошол себептен алар ушундай айлык маяна алат”, – деп жазды Орунтаев.

