Өзгөндөгү аймактык ооруканада ымыркайдын каза болгону боюнча экспертиза дайындалып, териштирүү иштери башталды. Бул тууралуу Ош облустук милициясы билдирди.
2026-жылдын 21-январында Өзгөн райондук милициясына аймактык ооруканадан 2025-жылы туулган ымыркай каза болгону тууралуу маалымат түшкөн. Алдын ала маалымат боюнча, ымыркай оорукана бөлүмүндө кан аздыгынан улам чарчап калган.
Факт каттоого алынып, тергөөгө чейинки текшерүү башталды. Өлүмдүн так себебин аныктоо үчүн тийиштүү экспертиза дайындалды.

