«Эко Суу» суткасына 15 000 литрге чейин өндүрөт


Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги ишке ашырып жаткан «30+20+10» долбоорунун алкагында «Эко Суу» ЖЧКсынын өндүрүшү менен таанышуу болду.

Ишкана газдалган жана газдалбаган суусундуктарды чыгарып, заманбап технологияларды колдонуу аркылуу санитардык жана сапат талаптарын так сактап келет. Бүгүнкү күндө ишкананын өндүрүштүк кубаттуулугу суткасына 15 000 литрге жетет.

Жакынкы мезгилде жаңы өндүрүштүк линияны ишке киргизүү пландалууда. Бул өндүрүш көлөмүн кошумча суткасына 20 000 литрге чейин көбөйтүүгө мүмкүнчүлүк түзөт жана ички рынокту сапаттуу продукция менен камсыздоого өбөлгө болот.

«30+20+10» долбоору кайра иштетүүчүлөрдү жана фермерлерди ар тараптуу колдоого, каржылоого жеткиликтүүлүктү кеңейтүүгө, инновацияларды киргизүүгө жана өндүрүш процесстерин өркүндөтүүгө багытталган.

«Эко Суу» ЖЧКсы — мамлекеттик органдар менен тыгыз кызматташтыктын негизинде туруктуу өнүгүүгө жетишип жаткан ишканалардын мыкты үлгүсү.