УКМК: Ошто пара талап кылган милиция кызматкерлери кармалды


Ош облусунда пара талап кылууга шектелген милиция кызматкерлери кармалганын 26-январда УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Тергөөнүн маалыматы боюнча, Кара-Суу райондук ички иштер бөлүмүнүн Нариман милиция бөлүмчөсүнүн тергөөчүсү, милициянын капитаны О.Г.О. жергиликтүү тургундан 3000 доллар талап кылган. Бул акчаны ал 2024-жылы башталган алдамчылык фактысы боюнча текшерүү материалдарын жаап берүү (кылмыш ишин козгоодон баш тартуу) үчүн сураган. Бул иште Араван райондук ички иштер бөлүмүнүн тергөөчүсү, милициянын капитаны С.Н.С. ортомчу болгон.

УКМК жана ИИМдин Ички иликтөө кызматынын кызматкерлери эки милиция кызматкерин 1600 доллар алып жаткан жеринен кармашты. Алар УКМКнын тергөө абагына киргизилди.

Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.