Кыргызстан менен Кытай пион гүлүн өстүрүү жаатында кызматташат


Кыргызстан менен Кытай пион гүлүн өстүрүү боюнча кызматташууну күчөтүүнү көздөөдө. Бул демилге айыл чарба министринин орун басары Бектен Бекболотов Кытайдын Heze Peony Development Service борборунун өкүлдөрү менен жолукканда талкууланды.

Жолугушууда Кыргызстанда пион өстүрүүнүн мүмкүнчүлүктөрү, климаттык шарттардын ылайыктуулугу жана өндүрүлгөн продукцияны кайра иштетүү маселелери каралды. Тараптар долбоорлорду ишке ашыруунун жолдорун да сөз кылышты.

Heze Peony Development Service Center — Хэцзэ шаарындагы пион тармагын өнүктүрүүгө адистешкен борбор. Ал дүйнөдөгү эң ири пион өстүрүү жана кайра иштетүү борборлорунун бири катары белгилүү болуп, секторду кеңейтүү жана анын экономикалык маанисин жогорулатуу багытында иш алып барат.