29-январга карата аба ырайы


 Бүгүн республиканын тоолуу райондорунда жана ашууларында кар көчкү түшүп, күрткү пайда болушу ыктымал. Жолдор тоңуп, тайгак болот. Мындай маалыматты Кыргызгидромет таратты.
Абанын температурасы Чүй облусунда 0…5, Таласта -3…+2, Ош, Жалал-Абад, Баткен жана Ысык-Көл аймактарында -1…+4, Нарын өрөөнүндө -4…-9 градус суук болот.
Күндүн табы Бишкекте 2…4, Ош шаарында 0…2 градуска жетет.