Жалал-Абадда өспүрүм кызды кордогон кылмыштуу топ кармалды


Жалал-Абад шаарында өспүрүм кызды аёосуз сабап, чач-кашын кырып, кордогон шектүүлөр колго түшүрүлдү. Милициянын маалыматы боюнча, окуя 9-январга караган түнү орун алган. Кылмышка шектелип 38 жаштагы мурда соттолгон аял жана 20 жаштагы жигит кармалды. Учурда жабырлануучу ооруканада дарыланууда, ал эми укук коргоо органдары тергөө иштерин жүргүзүп жатат.