30-январга карата аба ырайы


Жума күнү күндүз республиканын көпчүлүк тоолуу райондорунда кар жаайт. Дыйканчылык аймактарда күн ачык болот. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Абанын температурасы Чүй облусунда 0…+2, Таласта -4…+1, Ош, Жалал-Абад, Баткен жана Ысык-Көлдө -1…+4, Нарын өрөөнүндө -4…-9 градус суук болот.
Күндүн табы Бишкекте 0…+2, Ош шаарында 2…4 градусту көрсөтөт.