30-январда Лос-Анджелесте 71 жаш курагында актриса Кэтрин О’Хара дүйнөдөн кайтты. Variety басылмасынын маалыматына караганда, ал кыска мөөнөттүү оорудан кийин каза болгон.
Актриса «Үйдө жалгыз» комедиясында башкы каарман Кевиндин апасынын ролу менен дүйнөгө таанылган. Ошондой эле акыркы жылдары «Шиттс Крик» сериалындагы ролу менен чоң ийгиликтерге жетишкен. 1970-жылдары карьерасын баштаган О’Хара актрисалык жана сценаристтик иши үчүн «Эмми» сыйлыгынын эки жолку лауреаты болгон.

