Министрлер кабинетинин башчысы Адылбек Касымалиев шейх Мохаммед бин Рашид Аль Мактумдун чакыруусу менен БАЭге жумушчу сапарга барат.
Иш сапардын негизги максаты — Бүткүл дүйнөлүк өкмөттүк саммитке катышуу. Программанын алкагында Эмираттардын жогорку жетекчилиги, тармактык министрлер жана ири суверендүү фонддордун өкүлдөрү менен сүйлөшүүлөр пландалууда.
Кыргызстандын инвестициялык мүмкүнчүлүктөрү тааныштырылып, «Ак илбирс» аталышындагы экономикалык өсүү модели боюнча атайын иш-чара өтөт. Сапардын жыйынтыгында каржы, инвестиция жана технология багытында кызматташтыкты күчөтө турган документтерге кол коюу күтүлөт.

