Ысык-Көлдөн 500 метр балык уулоочу тор алынды


Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын Ысык-Көл регионалдык башкармалыгы тарабынан браконьерликке каршы рейд өткөрүлдү.

Маалыматка ылайык, рейд учурунда Ысык-Көлдөн 500 метр эски синтетикалык балык уулоочу тор алынды.

Белгиленгендей, жыл башынан бери жалпы 3100 метр мыйзамсыз тор чыгарылды.