Түрктөр айыл чарба тармагында кызматташууга кызыктар


Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинде Кыргыз Республикасында инвестициялык долбоорлорду жүзөгө ашырууга кызыккан Түркия Республикасынын агрардык компанияларынын делегациясы менен иш жүзүндөгү жолугушуу өткөрүлдү.

Бул жолугушуулар Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги жана Анталия шаарындагы Кыргыз Республикасынын Башкы консулдугунун колдоосу менен уюштурулган.

Жолугушуулардын жүрүшүндө Түркия тарап мурда жүргүзүлгөн изилдөөлөр жана Кыргыз Республикасына жасалган иш сапарларынын жыйынтыктарына негизделген демилгелерди сунуштап, компаниялар өлкөнүн агрардык секторунда инвестициялык долбоорлорду практикалык жүзөгө ашырууга ниетин билдиришти.

Сүйлөшүүлөрдө заманбап күнөскана комплекстерин түзүү, топурактуу жана топураксыз технологияларды колдонуу, автоматташтырылган сугаруу, жылытуу, жарык берүү жана өсүмдүктөрдү азыктандыруу системаларын киргизүү, ошондой эле эл аралык стандарттарга ылайык сертификатталган мөмө-жемиш, жашылча жана бакчылык көчөттөрүн өндүрүү маселелери каралды.

Ошондой эле минералдык жана жарым органикалык жер семирткичтерди өндүрүү жана жергиликтүү фермерлерге консультациялык кызмат көрсөтүү маселелери өзгөчө көңүлгө алынды.

Жолугушуулардын алкагында инвестициялык демилгелерди жүзөгө ашыруу боюнча укуктук жана процедуралык аспектилер, анын ичинде лицензиялоо жана продукцияны сертификаттоо, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык кийинки кызматташтык форматтары талкууланды.

Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги өз компетенциясынын чегинде консультативдик жардам көрсөтүүгө жана инвестициялык долбоорлорду колдоого даяр экенин тастыктады.

Белгиленген демилгелерди ишке ашыруу агрардык секторду өнүктүрүүгө, заманбап технологияларды киргизүүгө жана Кыргыз Республикасынын эл аралык кызматташуусун бекемдөөгө өбөлгө түзөт.