2026-жылдын 31-декабрына чейин камыштан алынган чийки затты (ЕАЭБ ТН ВЭД коду 1701 13) 20 миң тоннага чейинки көлөмдө импорттоодо бажы алымдарын төлөөдөн бошотуу каралган.
Бул бажы жеңилдиги Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу органы тарабынан берилген документ бар болгон учурда колдонулат. Бул документте товардын өнөр жайлык максаты тастыкталып, импорттоочу уюмдар жана кайра иштетүүчү ишканалар так көрсөтүлүшү керек.
Импорттолгон чийки затты Кыргыз Республикасынын аймагында гана өнөр жайлык кайра иштетүү үчүн пайдаланууга уруксат берилет. Ошол эле учурда, жеңилдетилген чийки заттан өндүрүлгөн ак кантты өлкөдөн сыртка чыгарууга тыюу салынат.
Мындай аракет кайра иштетүүчү ишканаларды керектүү чийки зат менен камсыздоого, кант тармагын колдоого жана ички рынокто бааларды турукташтырууга багытталган.

