Жогорку Кеңештин Төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров менен аткаруу жана мыйзам чыгаруу бийлик бутактарынын ортосундагы акыркы пикир келишпестиктерди талкуулаганын билдирди. Спикер кесиптештерин жана аткаминерлерди бири-бирин сыйлоого чакырды.
Парламенттин жыйынында сүйлөп жатып, Төрага ар кандай көз караштардын болушу — бул кадимки процесс экенин жана ал чыр-чатакка айланбашы керектигин баса белгиледи.
«Эң негизгиси — өлкөдөгү тынчтык жана биримдик. Албетте, бардык бийлик органдары бири-бирин сыйлап, алдыга жылышы керек. Биздин максатыбыз бир — элдин бакубат жашоосу жана мамлекеттин гүлдөп өсүшү. Аткаруу жана мыйзам чыгаруу бийлик бутактарынын ортосунда пикир келишпестиктер болушу мүмкүн, бирок аны татаалдаштыруунун кереги жок», — деди Нурланбек Тургунбек уулу.

